БАШ-ОТУ МЕНЕН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Биротоло, такыр, бүт бойдон, бир жолу. Атасы баш-оту менен бийликти берген соң.. күчүнө чиренген манап эч нерседен күмөн санабады (Бейшеналиев). Кары кадырын сыйлабагандар, ичкиликке баш-оту менен кирип кеткендер ... деги кайдан чыгып жатат? («Ленинчил жаш»). - Алиги мендеги аласадан баш-оту менен кечтиңиздер (Бейшеналиев). Ошондон тартып коомдук иштерге да баш-оту менен киришип кетти («Советтик Кыргызстан»).